• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын Улуттук гвардияларынын биргелешкен машыгуусу өттү

Коом 0

Бишкек, 02.08.23. /Кабар/. Кечээ, 2-августта 10128 аскер бөлүгүнүн базасында Кыргызстан менен Өзбекстандын Улуттук гвардияларынын атайын багыттагы аскерлеринин, инженердик-сапердук түзүмдөрүнүн биргелешкен атайын-тактикалык "Достук - 2023" сабактарынын жана тренингдеринин жыйынтыктоочу салтанаты өттү.

КР Коргоо министрлигинен билдиришкендей, салтанатка Улуттук гвардиянын кол башчысы Талантбек Эргешов, аскер кызматчылар жана сабактардын жана тренингдердин катышуучулары катышты.

КР Коргоо министринин жана Улуттук гвардиянын кол башчысынын атынан өзгөчөлөнгөн катышуучуларга сыйлыктар ыйгарылды. Иш-чаранын соңунда катышуучуларга КР Улуттук тарых музейине саякат уюштурулду.

Эскерте кетсек, биргелешкен атайын-тактикалык "Достук - 2023" сабактары жана тренингдери 2023-жылдын 23-июлунан 2-августуна чейин 20636 аскер бөлүгүнүн "Эдельвейс" окуп-машыгуу борборунда өттү. Бир жума ичинде биздин аскер кызматчылар атайын багыттагы түзүмдөрдүн даярдыктарынан өтүштү. Атайын-тактикалык даярдык, тоо даярдыгы, ок атуу даярдыгы, байланыш боюнча сабактар уюштурулуп, инженердик-сапердук түзүмдөрү үчүн атайын даярдык сабактары да уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий