• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Кербен” аэропортундагы оңдоо иштери аяктоодо

Аймак 0

Бишкек, 03.08.23./Кабар/. “Кербен” аэропортундагы оңдоо иштерин аяктоо алдында турат.

"Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов аэропорттун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Учурда аэропорттун учуп-конуу тилкеси, асфальт-бетон төшөлмөсүндө оңдоо-калыбына келтирүү иштери толук кандуу жүрүүдө.

"Кербен" аэропортунда учуп-конуу тилкеси, рулеждук жолчолору жана учак токтотуучу жайлары толук кандуу оңдолууда. Аталган иштердин бардыгын үстүбүздөгү жылдын 5-августуна чейин бүтүрүүнү көздөп жатабыз. "Кербен" аэропортуда ондоп-түзөө иштери бүткөндөн кийин Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги тарабынан текшерүүдөн өтүп, жарактуулук тастыктамасы берилет. Аталган агенттик уруксат бергенден кийин аэропорт толук кандуу ишке киргизилет", - деп билдирди Манасбек Самидинов.

Белгиленгендей, аэропорт жергиликтүү каттамдарга ылайыкталган, оңдоп-түзөө иштери аяктаган соң Бишкек - Кербен - Бишкек багыты боюнча каттамдар 4 мезгил бою, ал эми Кербен - Ысык-Көл - Кербен багыты боюнча каттамдар жайкы туристтик мезгилде аткарыла баштайт.

Эске салсак, "Кербен" аэропортунун пайдубалы 1976-жылы, түптөлүп 1980-жылы биринчи учак конгон. Ал эми Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери 2007-жылы "Кербен" аэропортунан акыркы учак учуп, ошол маалдан бери аэропорт иштебей келет.

Пикир

Оставить комментарий