• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө ӨКМдин масштабдуу командалык-штабдык машыгуусу башталды

Аймак 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 6-сентябрда Ысык-Көлдө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин командалык-штабдык машыгуусу башталды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, машыгуу "Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар коркунучу жаралганда жана катталганда Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун аймактык, тармактык тутумчаларынын башкаруу органдарынын күч жана каражаттарынын аракеттери" аталышында өтүүдө.

Ага ылайык атайын сценарийдин негизинде облустук аймагында өзгөчө кырдаалдар жаранган учурда Жарандык коргонуу кызматтарынын абалды ыкчам жөнгө салууда башкара билүү, кырсыктын кесепеттерин жоюу, мүмкүн болуучу башка коркунучтарды алдын алуу жана күч каражаттарынын абалы бааланат.

Машыгууда таң эрте саат "айгай" жарыяланып, Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясында президенттин өкүлү Ильяз Мамбетов, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов башында турган Жарандык коргонуунун башчылары жыйынга чогулушту. Ошол эле маалда облустун райондорунда ЖК кызматтарынын күч каражаттары даярдыкка келтирилди.

Белгиленгендей, 6-8-сентябрь аралыгында өтө турган команда-штабдык машыгуу облустун 5 районун камтып, Жарандык коргонууну башкаруу органдарына тиешелүү тапшырмалар коюлат жана коюлган тапшырмаларга ылайык алардын иш-аракеттеринин өз убагында жана белгиленген тартипте аткарылышы бааланат, ошондой эле машыгуунун жүрүшүндөгү практикалык иш-чаралардын өтүшү бааланат.

Пикир

Оставить комментарий