• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жамалдинов: Ош шаары - опол тоодой тарыхый орду бар, эң байыркы даңазалуу кооз шаар

Аймак 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош шаарынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Ыйгам укуктуу өкүлдүн куттуктоосунун текстинде мындай деп айтылат:

"Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары!

Бүгүн биз эгемен өлкөбүздүн экинчи борбору болгон касиеттүү Сулайман-Тоосу, Ак-Буурадай тунук суусу, мекенин сүйгөн көп улуттуу калкы бар, баарыбыз үчүн сүйүктүү болгон Ош шаарынын күнүн белгилеп жатабыз.

Учурдан пайдаланып Кыргыз Республикасынын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын атынан, жалпы Ош облусунун калкынын жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди Ош шаарынын күнү менен чын дилимден куттуктаймын.

Ош шаары Кыргыз Республикасында опол тоодой тарыхый орду бар, Улуу Жибек жолунун кесилишинде жайгашкан Орто Азиядагы эң байыркы даңазалуу кооз шаар экендиги баарыбызга маалым.

Шаарда көп улуттун өкүлдөрү жашап, байыркы маданиятыбызды, каада-салттарыбызды сактап, ынтымакчылыкта турмуш кечиришүүдө. ”Ынтымак бар жерде, ырыс бар” деп элибиздин улуу ойчулдары айткандай, бүгүнкүдөй майрамдарды жалпы элдик майрам катары бергилөө Оштуктардын ынтымагын тереңдетип, достугун чыңдоого чоң өбөлгө түзөт.

Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Мен баарыңыздарды дагы бир жолу бүгүнкү экинчи борборубуз болгон Ош шаарынын күнү менен куттуктап, шаарыбызга тынчтыкты,ынтымакты, гүлдөп-өсүүнү каалаймын.

Сиздерди терең урматтоо менен КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов".

Пикир

Оставить комментарий