• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде 1 миң га жерди сугат суу менен камсыз кыла турган каналдын курулушу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 30.05.23. /Кабар/. Баткенде 1 миң гектар жерге суу жеткире турган Кара-Кол каналынын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин өкүлү Абдикарим Алимбаев аталган каналдын курулушунан кабар алды. Учурда анда узундугу 14 км болгон каналды куруу, калыбына келтирүү иштери аткарылууда.

"Бул ири долбоор үчүн республикалык бюджеттен 27 млн сом каралса, Агахан эл аралык уюумунан 26 млн сом грант берилген. Ирригациялык обьекттин курулушу менен 1000 гектар жер сугат суу менен камсыз болуп, жакынкы айылдарга кошумча суу берүү жакшырат", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда тоо арасындагы капчыгайдын ичиндеги Сары-Таш, Таңги участкасында темир суу түтүктөрүн сваркалоо, монтаждоо иштери жүрүп жатса, Ак-Терек участкасында каналды бетондоо жана даярдоо иштери жасалууда.

Тийиштүү адистер белгилегендей, Советтер союзу мезгилинде бул долбоорду ишке ашыруу аракеттери болгон, бирок курулуштун татаалдыгынан толук ишке ашпай, канал пайдаланылбай калган.

Облус башчысы курулуштан жума сайын кабар алып, өз мөөнөтүнө бүтүрүү үчүн бардык аракеттер көрүлөөрүн, зарыл болсо ашар ыкмасы менен болсо да жумушчу күч маселеси чечилээрин белгиледи.

Каналдын курулушун 2023-жылдын ноябрь айына бүтүрүү пландалган.

Пикир

Оставить комментарий