• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абаддын мэри Миссури университетинин делегациясы менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 30.05.23. /Кабар/. Жалал-Абаддын мэри Эрнисбек Ормоков Миссури университетинин делегациясы менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчысы аталган окуу жайдын проректору, профессор Мэри Стегмайер баштаган профессордук-окутуучулук курамы жана студенттерин кабыл алды.

Жолугушууда Жалал-Абад шаарынын билим берүүдөгү мүмкүнчүлүктөрү, аракеттери боюнча маалымат берилди.

Калаа башчысы ар тараптуу алакаларды өнүктүрүүдө чет өлкөлөр менен болгон мамилелерди бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирип, жаштардын билим сапатын жогорулатууда Миссури университети менен Жалал-Абаддагы жогорку окуу жайларынын кызматташуу аракеттерин колдоого аларын белгиледи.

Мындан сырткары, коноктор калаа мэринин жүргүзүп жаткан иш-аракеттери боюнча кызыккан суроолоруна жооп алып, шаарда аткарылып жаткан жана алдыда жасалуучу иштер боюнча маалымат алышты.

Учурда аталган университет менен Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети жана К.Токтомаматов атындагы эл аралык универистети кызматташып келет.

АКШнын Миссури мамлекеттик изилдөө университети 1839-жылы негизделген. Ал Миссури штатынын Колумбия шаарында жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий