• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Майыптыгы бар аялдар жана кыздар үчүн сот адилеттигине жетүүдө мыйзамдык тоскоолдуктар жөнүндө доклад жасалды

Коом 0

Бишкек, 30.05.23. /Кабар/. Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаеванын колдоосу астында мамлекеттик түзүмдөр, эл аралык жана коомдук уюмдар үчүн "Кыргызстандагы сексуалдык зомбулук жана майыптык: мыйзамдар, саясат, тажрыйбалар жана сот адилеттигине жетүү" аттуу докладдын таанытымы болуп өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.

Басылма Кыргызстандын коомдук уюмдары, майыптыгы бар адамдардын "Равенство" Бирлиги, "Бир Дүйнө-Кыргызстан" укук коргоо кыймылы жана Equality Now ("Равенство Сейчас") эл аралык уюму менен биргеликте жарык көрдү.

Докладда Кыргызстанда сексуалдык зомбулукка кабылган майыптыгы бар аялдар жана кыздар үчүн сот адилеттигине карай жолдогу олуттуу мыйзамдык жана башка тоскоолдуктар боюнча изилдөө камтылган. Кыргыз Өкмөтү үчүн сунуштар анын адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерине ылайык келип, бул тоскоолдуктарды жеңүүгө жана майыптыгы бар аялдарды жана кыздарды тийиштүү колдоо жана коргоону камсыз кылууга багытталган.

Өз сөзүндө Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү маалыматтык-агартуу иштерине, ошондой эле балдардын майыптуулугу маселелерин, зомбулуктун түрлөрүн жана масштабдарын изилдөөгө инвестициялоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Буга майыптыгы бар балдар жана алардын үй-бүлөлөрү, ошондой эле алардын укугун коргогон уюмдар менен биргеликте иштегенде жетишүүгө болот", - деп жыйынтыктады Асел Чынбаева.

Пикир

Оставить комментарий