• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Суу аймактык ооруканасында тез жардам бөлүмү жана мамлекеттик дарыкана ачылды

Аймак 0

Бишкек, 06.01.24. /Кабар/. Кара-Суу аймактык ооруканасында медициналык тез жардам бөлүмүнүн жана кезектеги «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

Аймактык оорукананын директору Дамира Бегматованын айтымында, тез жардам бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушу 2021-жылы башталган. Курулуш оорукананын атайын эсебинин жана бюджетти үнөмдөөнүн аркасында мүмкүн болуп, 32 млн сомдон ашык каражатты түздү. Бөлүм 6 керебетке ылайыкталган, ошондой эле көзөмөл бөлмөсү, изолятор, интенсивдүү терапия бөлмөсү жана башкалар каралган. Ошондой эле бейтаптарга тез медициналык жардам көрсөтүү үчүн УДИ жана ЭКГ аппараттары, гастроскопия сыяктуу бардык керектүү медициналык жабдуулар менен жабдылган. Рентген диагностикасы жана лабораториялык изилдөөлөр үчүн өзүнчө бөлмөлөр каралган. Аймактык оорукана Ош облусунун Кара-Суу районунун 460 миң тургунун тейлейт.

Министр тез жардам бөлүмүнүн ачылышы менен бейтаптарды ооруканага түшкөндөн баштап 48 саатка чейин көзөмөлдөп, дарылоого болорун баса белгиледи.

«Мындай кыска мөөнөттүү дарылоо бөлүмдөрү облустун тургундарына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга жардам берет. Бүгүн биз дагы бир мамлекеттик дарыкана ачып жатабыз, ал Ош облусунун ири райондорунун биринин калкын сапаттуу жана арзан дарылар менен камсыздайт. Мамлекеттик аптекалар ачылганда 800гө жакын дары-дармектердин түрү болсо, учурда алардын саны 1500гө жетти. Быйыл калкты дары-дармек менен камсыз кылуу максатында республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын аймагында «Эл Аман» мамлекеттик дарыканалары ачуу иштери уланат», - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Пикир

Оставить комментарий