• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эмгек министрлиги: 13,3 миңден ашуун кыргызстандык чет өлкөлөрдө мыйзамдуу түрдө ишке орношкон

Коом 0

Бишкек, 06.01.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кыргызстандыктарды чет өлкөлөрдө коопсуз ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо.

Министрликтен маалымдашкандай, бүгүнкү күндө Россияда, Улуу Британияда, Түштүк Кореяда жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө жумушка орношууга болот.

Жыл ичинде 13,319 миң адам, анын ичинде 4,4 миң аял министрлик аркылуу кепилденген айлык акы жана социалдык пакет менен ишке орношууга мүмкүнчүлүк алышты.

Бардык жарандар алдын ала окуудан өтүштү. Дагы 129 миң адам миграциялык маселелер боюнча кеңештерди алышты.

Пикир

Оставить комментарий