• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда жаштардын басымдуу бөлүгүн эркектер түзөт

Коом 0

Бишкек, 12.08.23. /Кабар/. Жыл сайын 12-августта дүйнө жүзү боюнча Эл аралык жаштар күнү белгиленет. Бул майрамга карата Улуттук статистикалык комитети кызыктуу фактыларды даярдады.

Кыргызстанда “Жаштар жөнүндө” КР мыйзамына ылайык, бул курактык категорияга республиканын жарандары жана 14 жаштан 35 жашка чейинки жарандыгы жок адамдар кирет.

2023-жылдагы Эл аралык жаштар күнүнүн максаты эч кимди артта калтырбастан, туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттарга (ТӨМ) жетүү үчүн бардык муундардын өкүлдөрүнүн аракеттерин активдештирүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө дүйнөдө 15 жаштан 24 жашка чейинки 1,2 млрд жаштар бар, бул дүйнөдөгү калктын 16 пайызын түзөт. 2030-жылга чейин жаштардын саны 7 пайызга көбөйүп, дээрлик 1,3 млрд адамга жетет деп болжолдонууда.

Кыргызстанда 14-35 жаштагы туруктуу калкынын саны жүргүзүлгөн баалоолор боюнча 2023-жылдын башына карата 2 млн 439 миң адамды же калктын жалпы санынын 35 пайызын түзгөн. Мында жаштардын эң жогорку салыштырма салмагы Бишкек жана Ош шаарларына, эң төмөнкү салыштырма салмагы Чүй жана Баткен облустарына туура келет.

Калктын жаш курактык түзүмү демографиялык жактан алганда жаш деп бөлүнөт: 14-35 жаштагы жаштардын үлүшү калктын үчтөн биринен көбүрөөгүн түзөт. Бул жаш курактык топтогу калктын негизги бөлүгүн - 1 млн. 221 миңин же жаштардын жалпы санынын 50,1 пайызын эркектер түзөт, ал эми аялдар 1 млн. 218 миң адамды же 49,9 пайызды түздү.

Үй чарбалардын бюджеттерин жана жумушчу күчүн интеграцияланган тандалма изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча жаштардын экономикалык активдүүлүгүнүн деңгээли (15-28 жаш) 2018-жылдагы 48,4 пайыздан 2022-жылдагы 46 пайызга чейин төмөндөгөнү белгиленген.

Изилдөөнүн маалыматтарына ылайык, акыркы жылдары жаштар арасындагы жумушсуздуктун деңгээли 2018-жылдагы 11 пайыздан 2022-жылдагы 8,4 пайызга чейин төмөндөгөн.

Жаштардын олуттуу бөлүгү жумуш издеп, башка өлкөлөргө туруктуу жашоо үчүн көчүп кетишет, алардын көпчүлүгү КМШ региондоруна (негизинен Орусияга жана Казакстанга) миграцияга кетишкен. Жалпысынан алганда мигранттардын үчтөн биринен көбүн (37 пайызын) 14-35 жаштагы жаштар түзөт.

Пикир

Оставить комментарий