• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто жер басып алууга жана үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.08.23. /Кабар/. Ошто жерди басып алууга жана үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча уюшкан кылмыштуулука каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мурда соттолгон жана криминалдык дүйнө менен тыгыз байланышта болгон жаранды кармашты.

Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылы 6-августта Кара-Суу районунун тургуну 1991-жылы туулган А.М. арыз менен кайрылып, анда 4-август күнү саат 13:00 чамасында Кара-Суу районунуна караштуу Конурат айылында "Куттубек" аттуу жаран себепсиз уруп денесине залал келтиргенин, натыйжада жабырлануучу Ош шаардык клиникалык ооруканасына жаткырылганын билдирген.Ошондой эле 2023-жылдын 27-апрелында ушул эле адамдын үстүнөн арыз түшкөн, анда арыздануучу "Куттубек" аттуу жаран 6 сотык жерин мыйзамсыз ээлеп , курулуш баштап атканын билдирген. Жабырлануучу мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Бул фактылар Кара-Суу райондук милициясына катталып, тергөө кызматы тарабынан мыйзамга ылайык кылмыш иш козголгон.

Натыйжада ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, Кара-Суу районунун тургуну мурун бир нече жолу соттолгон жана криминалдык дүйнө менен тыгыз байланышта болгон 1983-жылы туулган М.К. такталып, ал 10-август күнү кармалып, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий