• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Бишкекте III кыргыз-фин бизнес форуму өтөт

Экономика 0

Бишкек, 12.08.23. /Кабар/. 28-августта Бишкекте III кыргыз-фин бизнес форумун өткөрүү пландалып жатат. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы, туризм, энергиянын кайра жаралуучу булактары, анын ичинде катуу калдыктарды кайра иштетүү жана башка ушул сыяктуу приоритеттүү тармактарда биргелешкен инвестициялык долбоорлорду мындан ары ишке ашырууга жана биргелешкен ишканалар менен эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда ишкердик мамилелерди орнотууга багытталган.

Мындан тышкары, логистика жана ата мекендик товарларды жана продукцияларды Европа биримдигинин өлкөлөрүнө, анын ичинде Финляндияга экспорттоо маселелери каралат.

Форумга катышуу үчүн төмөнкү даректерге компания тууралуу маалыматты жана кызматташуу багытынын толук сүрөттөлүшүн жөнөтүү аркылуу катталуу керек:

- emir.alimov@gmail.com почтасына;

- +996 550 981 61 WhatsApp номерине.

Катышуу үчүн орундар чектелүү, ошондуктан билдирүүлөр 18-август саат 17:00гө чейин эле кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий