• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Банк мыйзамдарын бузгандарга кандай чаралар көрүлөт? Улуттук банктын адиси жооп берди

Экономика 0

Кыргызстандын Улуттук банкынын Банктык көзөмөл башкармалыгынын начальнигинин орун басары Эмир Жумаев банк мыйзамдарын бузгандарга карата Улуттук банк кандай чараларды көрө тургандыгы тууралуу айтып берди.

— 2022-жылы банк мыйзамдарын бузгандыгы үчүн банктарга жана финансылык уюмдарга карата кандай чаралар көрүлдү?

— Уруксат болсо, Банктык көзөмөл башкармалыгынын иши туралуу кыскача маалымат берип кетсем. Улуттук банк - бул өзгөчө укуктук статуска ээ болгон, өзүнүн максаттары жана милдеттери бар мамлекеттик уюм.

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” конституциялык Мыйзамга ылайык Улуттук банктын негизги максаты болуп, тиешелүү акча-кредит саясатын жүргүзүү аркылуу баалардын туруктуулугуна жетишүү жана аны кармап туруу саналат. Бул максаттарга жетүү үчүн негизги милдеттер болуп, улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо, ошондой эле банк системасынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу эсептелет.

Банк системасынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу Банктык көзөмөл башкармалыгынын негизги иши болуп саналат. Биздин башкармалык тобокелдиктерди аныктоого багытталган көзөмөлдү колдонуу менен иш-чараларды комплекстүү жүргүзөт, анын ичинде тышкы көзөмөл (аралыктан көзөмөлдөө) жана текшерүүлөрдү да жүргүзөт.

2022-жылы коммерциялык банктарга 151 текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында 75 жазма буйрук, 33 эскертүү жана 14 сунуш-көрсөтмө берилген.

Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн, Улуттук банк 5 коммерциялык банкка жалпы суммасы 55,8 млн сом өлчөмүндө айып пул салган.

— 2023-жылы банк мыйзамдарын бузгандыгы үчүн банктарга жана финансылык уюмдарга карата кандай чара көрүлдү?

— 2023-жылдын башынан бери коммерциялык банктардын ишине 62 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 22 жазма буйрук жана 17 эскертүү берилген.

Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн 2023-жылдын башынан бери Улуттук банк төрт коммерциялык банкка жалпы 4 млн сом өлчөмүндө айып пул салды.

— Улуттук банк тарабынан банктарга жана финансылык уюмдарга карата колдонулган чаралар күчөтүлөбү? Кандайдыр бир башка пландар барбы?

— Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык колдонулат. Алар Кыргыз Республикасынын “Банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамында, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө” жободо белгиленген. Бул ченемдик укуктук актыларда бузуулардын түрүнө жараша жазма буйруктар, айып пул салуу, чектөөлөрдү белгилөө жана бузуулардын оордугуна жараша лицензияны кайтарып алууга чейин чаралар каралган.

Эгерде коммерциялык банктарга карата талаптарды күчөтүү жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда капиталга тиешелүү талаптарды күчөтүүнү, ПФТД/ЛПД (геосаясий кырдаал, криптоактивдер, онлайн-казинолор) боюнча талаптардын күчөтүүнү, COVID-19 коронавирусуна байланыштуу берилген кредиттерди классификациялоо боюнча жеңилдиктерди жокко чыгарууну жана башка талаптарды белгилесек болот.

Пикир

Оставить комментарий