• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Он айдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын ИДПсы 7,4%га төмөндөдү

Экономика 0

Бишкек, 13.11.20. /Кабар/. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, быйыл январь-октябрь айларында Кыргызстандын ИДПсы 457 млрд сомду түзүп, былтыркыга караганда 7,4%га төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

“Кумтөр” ишканасын эсепке албаганда ИДП 402 млрд сомду түзүп, 8,3%га төмөндөгөн.

“Январь-октябрь айларында өнөр жай продукциясынын көлөмү дээрлик 265 млрд сомду түзүп, 3,6%га азайган. Ал мунайзат (-55,1%), текстиль, кийим, бут кийим, тери жана тери жасалмалары өндүрүшүнүн (-22,3%га), жыгач жана кагаз жасалмалары, полиграфиялык ишмердүүлүктүн (-19,3%), резина жана желим буюмдардын, металл эмес минералдык продукция (-9,6%), тамак-аш (суусундуктарды кошкондо), тамеки продукциясынын өндүрүшүнүн (-5,4%) жана пайдалуу кен байлыктардын (-16,8%) казып алууларынын азайышынан улам болгон”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле дүң жана чекене сооданын көлөмү -16%га, курулуштуку 11,5%га азайган. Ошол эле учурда айыл чарба тармагында 0,8% өсүш болгон.

Пикир

Оставить комментарий