• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кредиттик таржымалды кантип жакшыртуу керек? Улуттук банк кеңеш берет

Экономика 0

Бишкек, 24.07.23. /Кабар/. Улуттук банк жарандарга кредиттик таржымалды кантип жакшыртуу керек экендиги тууралуу кеңештерди берди.

Кредиттик таржымал – бул карыз алуучу жөнүндө бардык кредиттик маалыматтардын жыйындысы. Ал карыз алуучу кредиттик келишимдер боюнча кабыл алынган милдеттенмелерди канчалык аткарып жаткандыгын мүнөздөйт.

Ар бир карыз алуучунун кредиттик тарыхы кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу келишими бар финансы-кредиттик мекемеден биринчи кредитти алгандан кийин чогула баштайт.

Кредиттик бюро-бул бардык карыз алуучулардын кредиттик төлөмдөрү боюнча маалыматтарды чогулткан жана сактаган мекеме.

Позитивдүү жана негативдүү кредиттик таржымал бар.

Позитивдүү кредиттик таржымал - түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелердин насыялык маалымат карыз алуучу тарабынан талаптагыдай аткарылышы жөнүндө маалыматтарды камтыган, насыялык маалымат субъекти жөнүндө маалымат;

Негативдүү кредиттик таржымал - келишимдик милдеттенмелерди (мөөнөтү өткөн карызды) жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү токсон календардык күндөн ашык аткарбагандыгы жөнүндө маалыматтарды камтыган насыялык маалымат карыз алуучу жөнүндө маалымат. Эгерде милдеттенмелерди аткарбоо өзгөчө кырдаал жана (же) өзгөчө абал убагында болсо, келишимдик милдеттенмелерин жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрүн аткарбагандыгы жөнүндө маалыматтар негативдүү насыялык маалыматка киргизилбейт.

Финансы-кредиттик уюм карыз алуучунун жазуу жүзүндөгү макулдугу менен кредиттик бюро менен мурдагы жана учурдагы кредиттер, алардын суммасы, төлөө кандайча жүргүзүлгөндүгү, карыз алуучунун карыздары жана мөөнөтүндө төлөнбөгөндүгү жөнүндө маалыматты бөлүшөт, б.а. кредиттик отчетту берет.

Кредиттик бюро өз кезегинде финансы-кредиттик уюм менен финансы-кредиттик уюм үчүн жаңы карыз алуучулар жөнүндө кредиттик отчетту бөлүшөт, карыз алуучунун кредиттик тарыхындагы бардык өзгөрүүлөр жөнүндө кредиторго автоматтык түрдө маалымдоо жана кредиттик бюронун маалымат базасында сакталган карыз алуучунун кредитке жөндөмдүүлүгү жөнүндө бардык маалыматтарды эксперттик скоринг – талдоо кызматтарын көрсөтөт.

Кредиттик таржымал кредит берүүдөн баш тартууга же макулдук берүүгө негиз болбойт. Кредиттик таржымал – бул кредиттик адистер үчүн карыз алуучунун аброю жөнүндө кошумча маалымат.

Жаңы кредит алууда, жакшы кредиттик таржымал карыз алуучуга документтерди чогултуу жана арызды карап чыгуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө, жеңилдетилген кредит шарттарын алууга жана/же пайыздык чендерди жана жыйымдарды азайтууга жардам берет.

Эгерде кредит алган карыз алуучу банк алдындагы карызынан кутула албаса жана келишимдин шарттарын өзгөчө кырдаалдан же өзгөчө кырдаалдан тышкары кандайдыр бир жагдайларга байланыштуу аткарбаса ал өзүнүн кредиттик таржымалын начарлатат.

Негативдүү кредиттик таржымал финансы-кредит мекемеси кредит берүүдөн баш тарткандыктан кредит алууга тоскоол болушу мүмкүн. Эгерде кредиторлор начар кредиттик таржымалы менен карыз алуучуга кредит берүүгө даяр болсо, анда көбүнчө кредиттөө шарттары катуураак, пайыздар жогору болот.

Негативдүү кредиттик таржымалды болтурбоо үчүн, кредит алууну каалаган ар бир жаран билиши керек болгон бир нече маанилүү эрежелерди сактоо керек. Биринчи кезекте, кредит алууда банк жана кардар кредиттик келишиминде так көрсөтүлгөн кредиттин максаттарын такташат. Кредитти максаттуу багытта гана пайдалануу керек. Ал эми банк дайыма аны текшерүүгө жана кредиттин максаттуу пайдаланылышы жөнүндө отчетту талап кылууга укуктуу.

Экинчиден, кредит алгандан кийин биринчисин төлөбөй туруп, жаңы кредит алуу туура эмес. Эсиңизде болсун, эгер сиз кредиттен кийин кредит алууну чечсеңиз, анда эки эсе көп карызыңыз болушу мүмкүн.

Жогоруда айтылгандай, үчүнчү негизги эреже – өз мүмкүнчүлүктөрүн алдын ала кылдат эсептеп чыгуу, өзүнүн финансылык абалын талдоо жана эгерде жарандын кредит боюнча ай сайынкы төлөмү кирешесинин 30% түзгөн бизнес-планы болсо, анда ал кредит алууну чечиши мүмкүн. Эгерде эсептөөлөрдүн негизинде мындай ишеним жок болсо, анда кредит алаардан мурда эки жолу ойлонуш керек.

Кыргыз Республикасынын "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" мыйзамынын 14-беренесине ылайык, (2014-жылдын 25-ноябрынан № 160) позитивдүү насыялык маалымат кредиттик бюро тарабынан 7 жыл, ал эми терс маалымат 5 жыл бою сакталат. Башкача айтканда, эгерде карыз алуучу өтө ишенимсиз болсо белгилүү бир мөөнөттө бул маалымат маалыматтар базасын өчүрүлөт.

Эгерде жакынкы арада кредиттик таржымалды жакшыртуу зарылчылыгы келип чыкса, анда бир гана жол – жаңы кредит алуу. Чакан кредит алыңыз жана аны убагында төлөңүз, бул маалыматтар кредиттик бюрого жетет жана таржымал акырындык менен жакшырат. Финансы-кредиттик уюмдар тарабынан зайым берүүдөн баш тартылган учурда, карыз алуучунун начар таржымалын жөнөткөн уюмга кайрылуу сунушталат, бул уюм карыз алуучуга дагы бир жолу ишеним көрсөтүп, кредит бере алат, анткени ал мурда аны менен иш жүргүзгөн.

Кредит алууну пландап жаткан банкта депозит ачуу мүмкүнчүлүктү колдонгула. Эгерде толутоолордун суммалары туруктуу болсо, анда банк үчүн бул кардардын төлөөгө жөндөмдүү жана тыкан экендигинин белгиси болуп калат.

Көптөгөн кичинекей кредиттер жакшы эмес. Финансы-кредиттик уюм карыз алуучу өз каражаты менен жашай албайт жана дайыма акчага муктаж деп тыянак чыгарышы мүмкүн.

Микрокредиттерден алыс болуңуз. Финансы-кредиттик уюмдар "айлык маянасына чейин" насыяларды өтө чоң пайыз менен беришет жана алардын шарттарына макул болушат. Мындай адамдарга кредит берүү финансы-кредиттик мекемелер каалаган эмес болушу мүмкүн.

Кредиттик таржымалыңызды кантип билесиз?

Кредиттик отчет үчүн кредиттик бюрого кайрылыңыз. Кредиттик бюролордун байланыштар менен реестри Улуттук банктын сайтында жайгаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий