• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде тургундар арасында чыр чыкты

Аймак 0

Бишкек, 24.07.23. /Кабар/. Бүгүн, 24-июлда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чек арага канатташ аймактардын тургундары ортосунда чыр-чатак чыкты. Бул тууралуу УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары Д.Ж. жана Д.А. жеке автоунаада Ак-Сай - Көк-Таш жолунда бара жатышкан. Ошол эле убакта аталган жол менен Тажикстандын жарандарына таандык 8 автоунаадан турган колонна Тажикстандын Ворух анклавынан Ходжаи-Аало айылына бараткан.

Тажикстандын жарандары унаалары менен Кыргызстандын жарандарынын унаасынын жолун кесишкен. Мунун кесепетинен Дача жергесинде жогоруда аталган Кыргызстандын жарандары менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда мушташ чыккан.

Чыр-чатак күчөп кетпеши үчүн окуя болгон жерге Кыргызстандын ИИМнин аймактык бөлүмүнүн кызматкери келген. Бирок ал кызматкер окуя орун алган жерге келгенинде Тажикстандын жарандары - Ходжаи-Аало айылынын тургундары ага кол салышкан.

Кыргызстандын ИИМнин кызматкери ал жерден качып чыкканга жетишкен, Тажикстандын жарандары аны сабаганга аракет кылып, унаасынын арткы айнегин сындырышкан.

Учурда Кыргызстандын Баткен тилкеси боюнча жана Тажикстандын Исфара тилкеси боюнча чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат.

Кыргызстандын бардык күч түзүмдөр жана укук коргоо органдары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жагдайды турукташтыруу үчүн тийиштүү чараларды көрүшүүдө.

КР УКМК Чек ара кызматы жарандарды дүрбөлөңгө түшпөй, бардык маалыматты мамлекеттик органдардан тактоого үндөйт.

Пикир

Оставить комментарий