• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад облустук милициясы бош кызмат орундарына конкурс жарыялады

Аймак 0

Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүндөгү катардагы курамынын бош (вакант) кызмат орундарын ээлөөгө конкурс жарыялайт.

Конкурска “КР укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” мыйзамда белгиленген укук коргоо органдарына кызматка кабыл алуунун жана кызмат өтөөнүн шарттарына жана квалификациялык талаптарына жооп берген 19 жашка толгон жана 30 жашка чейинки курактагы Кыргызстандын жарандары катыша алат.

Документтер 2023-жылдын 26-сентябрынан 16-октябрына чейин кабыл алынат.

Конкурска катышуу үчүн талапкерлер тийиштүү документтердин тизмегин алуу үчүн жана суроолор боюнча Жалал-Абад ОИИБдин Кадрлар бөлүмүнө кайрылса болот: (03722) 7-02-81.

Пикир

Оставить комментарий