• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көл жана Талас облустарын өнүктүрүү фонддорунун кызматкерлери тажрыйба алмашты

Аймак 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун кызматкерлери менен Талас облусун өнүктүрүү фондусунун кызматкерлеринин жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун негизги максаты Талас облусунан келген кесиптештерди Фонддун ишмердүүлүгү менен тааныштыруу жана тажрыйба алмашуу болду.

Ошондой эле, делегация Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун каржылоосу менен ачылып жаткан ишканалар жана жеңил өнөр жай тармагы менен жеринде таанышты.

Иш сапардын жыйынтыгы менен Талас облусун өнүктүрүү фондусунун өкүлдөрү өздөрүнө керектүү маалыматтарды жана иш тажрыйба топтоп, айрым маселелерди чечүүдө Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун тажрыйбасын колдоно тургандыгын билдиришти.

Белгилей кетсек, жолугушуу Талас облусунун өнүктүрүү фондусунун демилгеси менен уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий