• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте ЖӨБ органдарынын жана айыл өкмөт башчыларынын Республикалык кеңешмеси өз ишин баштады

Президент 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Бишкек шаарында 21-22-октябрда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин республикалык кеңешмеси өтүүдө.

Кеңешменин ишине министрлик, ведомство, облус, район жана айыл өкмөт жетекчилери, шаар мэрлери катышууда.

Өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалы боюнча маселелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин активдештирүү, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары-акимдердин жоопкерчилигин жогорулатуу талкууланат.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда, кеңешменин ачылышына катышып жана сөз сүйлөп, анда мамлекеттик башкаруунун тутумуна, экономиканын өнүгүүсүнө, Жогорку Кеңештин шайлоолорун таза жана ачык айкын өткөрүүгө жана башка көптөгөн маанилүү темаларга токтолду.

Мамлекет башчысы экономика жана социалдык тармакта антикризистик чараларды шашылыш кабыл алуу зарылдыгына басым жасап, жетекчилерге өлкө жарандарынын бакубаттуулугун жакшыртуу үстүндө ишти күчөтүүнү тапшырды.

Ошондой эле, региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын 30 жылдыыгна байланыштуу бир катар ар кыл деңгээлдеги аймактык жетекчилер сыйланышты.

Кеңешменин иши улантылат. Региондорго инвестициялык долбоорлорду тартуу жөнүндө баяндаманы талкуулоо күтүлөт, ал эми Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башчысы Артем Новиков бизнес-коомчулукту каржылоонун механизмдери жөнүндө презентация жасайт.

Ошондой эле 22-октябрда «Агротехэкспо-2021» агроөнөржай тармагынын көргөзмөсү өтөт.

Пикир

Оставить комментарий