• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактар аркылуу тарап жаткан ар кандай терс көрүнүштөрдүн, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча Жалал-Абад шаарындагы мектептерде түшүндүрүү иштери колго алынды. Ата-энелер жана өспүрүмдөр менен болгон жолугушууга Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова баштаган мекеме-ишканалардын жетекчилери барышты.

Жыйында социалдык тармактар аркылуу жайылтылган ар түрдүү коомго жат көрүнүштөрдөн алыс болуу керектиги эскертилип, ата-энелерге балдарынын жүрүм-турумун жана уюлдук телефондорун көзөмөлгө алуу милдеттендирилди.

Ошондой эле "Үй-бүлөлүк зомбулук балдардын келечегине катуу сокку!” аталышындагы видеоролик көрсөтүлүдү.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында жыл башынан бери 4 өспүрүмгө кылмыш иши козголгон.

Пикир

Оставить комментарий