• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Арсенал" рейди. Алай районунда мыйзамсыз сакталган эки даана ок атуучу курал алынды

Аймак 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 9-10-июнь күндөрү Ош облусуна караштуу Алай районунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды аныктоо жана ок атуучу куралдарды колдонуу аркылуу жасалган кылмыштарды алдын алуу максатында “Арсенал” аталыштагы рейд откөрүлдү. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө 232 мергенчиликти сүйүүчүлөр, 4 травматикалык тапанчасы бар жарандар, ошондой эле каттоосунда жана пайдалануусунда ок атуучу куралдары бар 2 жеке күзөт мекемеси текшерилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ыкчам маалыматтардын негизинде райондук милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз сакталган эки даана ок атуучу курал алынган.

- ТОЗ-8, калибры 5,6 мм;

- ИЖ-18, калибры 16 мм;

Ош облусунун милициясы облус аймагында сактоосунда жана пайдалануусунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды ички иштер органдарына өз ыктыяры менен тапшырса кылмыш жоопкерчилигинен бошотула тургандыгын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий