• 88.68
  • 95
  • 0.95

ОшМПУда Ден соолук күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 06.04.23. /Кабар/. Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде (ОшМПУ) массалык түрдө спорттук көнүгүү жасоо саамалыгы өттү.

Окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чара 6-апрель - Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин жана 7-апрель - Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата уюштурулуп, ага университеттин профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттер активдүү катышты.

Саамалык окуу жайдын башкы корпусунда жана колледжинде өз алдынча уюштурулуп, мында катышуучулар эртең менен жумуш башталганга чейин 30 мүнөттүк таңкы көнүгүүлөрдү жасашты.

Белгилей кетсек иш-чара окуу жайдын жетекчилиги жана дене тарбия факультети тарабынан жыл сайын уюштурулуп келет.

Пикир

Оставить комментарий