• 88.68
  • 95
  • 0.95

Салык кызматы 10 күндө салык төлөбөй жүргөн 287 элиталык үй ээсин аныктады

Коом 0

Бишкек, 06.04.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери камералдык текшерүү методу менен Бишкек шаарындагы жана Чүй облусунун Аламүдүн районундагы ВИП-шаарчалардын тургундарынын кыймылсыз мүлк салыгын төлөгөндүгүн текшеришти.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, 10 күндүн ичинде 799 турак үй текшерүүгө алынды.

Жыйынтыгында 287 үйдүн ээси 3,5 млн сомдон ашык суммада мүлк салыгын төлөбөгөндүгү аныкталган, анын 109 – турак жайга, 178 – үйдүн жанындагы участокко.

Мүлк ээлери бюджетке 1 млн сомдон ашык сумма төлөшкөн.

Эскерте кетсек, жыл сайын 1-сентябрга чейин турак жайга, үй алдындагы, короо жай жана багбанчылык жер участокторуна мүлк салыгын төлөө зарыл.

Мыйзамга ылайык, эгерде менчик ээси белгиленген мөөнөттө салык төлөбөсө, анда ал салык милдеттенмесинин негизги суммасынан тышкары, административдик айып пулду, ошондой эле ар бир кечиктирилген күн үчүн туумду төлөөгө аргасыз болот.

Бул багыттагы иштер дагы улантылат.

Пикир

Оставить комментарий