• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бакытбек Жетигенов Казакстандын Ош шаарындагы консулу менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 22.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 22-декабрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Казакстандын Ош шаарындагы консулу Мухтар Карибай менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда мэр социалдык-гуманитардык чөйрөдө эки тараптуу кызматташуу өнүгүп жатканын белгилеп, экономикалык багытта өз ара пайдалуу байланыштарды чыңдоо жана өнүктүрүү демилгесин көтөрдү.

Өз кезегинде Мухтар Карибай билим берүү тармагындагы тыгыз кызматташууга токтолуп, Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин филиалынын жана ОшМУнун алдындагы чыгармачылык борбордун иши тууралуу айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө жыл сайын Ош шаарында кыргыз-казак инвестициялык форумун өткөрүү сунушталды. Анын негизги максаты эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду жана өндүрүштү колдоо, боордош шаар мамилелерин жана туризм тармагын күчтөндүрүү болуп саналат.

Мухтар Карибай ошондой эле кыргыздын белгилүү акындарынын поэзиясын казак тилине которуп жатканын билдирди. Жакында эле Казакстанда бет ачары болгон китепти мэрге белек катары тапшырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар аталган багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий