• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бакыт Төрөбаев: Энергетикалык коопсуздук өтө жооптуу иш

Өкмөт 0

Бишкек, 22.12.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Энергетиктер күнүнө карата өткөрүлгөн майрамдык жыйынга катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бакыт Төрөбаев өлкөнүн энергетиктерин кесиптик майрамы менен куттуктап, азыр алардын алдында татаал кыштуу жергебизде экономика тармактарын жана элди күз-кыш мезгилинен аман-эсен алып чыгуу – эки эсе жооптуу экенин белгиледи.

“Кыргызстан Борбор Азиянын жалпы энергетикалык ресурстарынын болжол менен 2%на, анын ичинде көмүрдүн чоң запасына жана региондун гидроэнергетика ресурстарынын болжол менен 30%на ээ” – деди Бакыт Төрөбаев.

Бакыт Төрөбаев КР президенти климатты коргоого, экологиялык тең салмактуулукту сактоого жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүүгө чоң көңүл буруп жатканын баса белгиледи жана мындан ары аткаруу бийлиги, Кыргызстанда бул демилгени күчтүү амбициялар менен ишке ашырууга милдеттүүбүз деди.

Ошондуктан мамлекеттик саясат – энергия генерациялоонун микро жана чакан булактарын өнүктүрүүгө багытталат, мындан тышкары, келечекте энергияны үнөмдөө жана айлана-чөйрөгө, калктын ден соолугуна энергетиканын таасирин азайтуу, ошондой эле өлкөнү жана региондорду туруктуу өнүктүрүүгө карай илгерилетүү сыяктуу векторлордун үстүндө иштейт.

Ошондой эле, электр энергиясын мындан ары өнүктүрүү – Борбор жана Түштүк Азиянын ортосунда электр энергия рыногун түзүү боюнча “CASA – 1000” долбоорунун алкагында “Датка – Сугд” 500 кВ электр линиясын куруу долбоорунда чоң үмүттөр бар экенин кошумчалаган Бакыт Төрөбаев мунун менен экономика үчүн инфратүзүмдү жакшыртууга кайта инвестициялоого – кирешенин жаңы булагын түзүүгө жана аны андан ары диверсификациялоого жол ачат деди.

Майрамдык жыйындын соңунда кесиптик милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн энергетика тармагынын кызматкерлерине КР министрлер кабинетинин, Жогорку Кеңештин, министрликтердин жана ведомстволордун сыйлыктары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий