• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аалиев: Кыргызстан БА өлкөлөрү менен энергетика тармагында инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар

Өкмөт 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрү менен энергетика тармагында инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Өзбекстанга жумушчу сапарынын алкагында «Борбор Азиянын инвестициялык потенциалы» аттуу Ташкенттеги биринчи эл аралык инвестициялык форумунун пленардык жыйынында билдирди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Азиз Аалиев белгилегендей, Кыргызстан салттуу түрдө аймактык мамилелерди ишеним жана ачыктык духунда өнүктүрүүнү жактайт, ал эми жакынкы коңшу мамлекеттер менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жана тереңдетүү биздин өлкөнүн тышкы саясатындагы артыкчылык болуп саналат.

«Биздин аймакты бирден-бир маанилүү дүйнөлүк соода хабына айлантуу үчүн бардык шарттар бар. Борбор Азия өлкөлөрүнүн транспорттук-логистикалык инфраструктурурасын жакшыртуу, ириде, аймак ичиндеги интеграция деңгээлин жогорулатуу менен катар дүйнөлүк транспорттук түйүндөргө жана коридорлорго чыгуу боюнча аракеттерди көрүү зарыл. Кыргыз Республикасы өлкөнүн транспорттук-логистикалык инфраструктурасын модернизациялоо боюнча иштин алгачкы этабында эл аралык маанидеги унаа жолдорун жакшыртуу ждана өркүндөтүү боюнча иштерди алып барууда. Күн тартибинде өлкө ичиндеги темир жолдорду реконструкциялоо жана анын трансконтиненталдык магистралдарга чыгуу маселеси турат. Жол тармагындагы ири долбоорлордун бири — бул Кытай-Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу, анын ийигиликтүү ишке ашырылышы жалпы региондун транзиттик потенциалын олуттуу түрдө жакшыртат», - деди ал.

Азиз Аалиев инклюзивдик «жашыл» экономика демилгесин киргизүүнүн жана аны алга жылдыруунун жана төмөнкү көмүртектүү жана аз эмиссиялуу өнүктүрүүгө өтүүнүн, парник газдарынын бөлүп чыгаруусун кыскартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Кыргызстан энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу максатында өз аймагында ГЭСтерди куруу боюнча бир катар долбоорлорду этап-этабы менен ишке ашырууну, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүүнү көздөп жатат. Буга байланыштуу кыргыз тарап энергетика тармагына тикелей инвестиция тартуу, ГЭСтерди куруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жаатында аймактагы өлкөлөр менен кызматташууну мындан ары да арттырууга кызыкдар. Биз инвесторлорду Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири гидроэнергетикалык долбоорлорду жана башка артыкчылыктуу багыттарды ишке ашырууга катышууга чакырабыз. Биз инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даярбыз», - деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Азиз Аалиев өз сөзүндө ошондой эле аймактагы өлкөлөрдүн туризм тармагындагы инвестициялык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи

Пикир

Оставить комментарий