• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президенттик учак сатып алууга бөлүнгөн акчага Бишкекке 1 миң автобус алынды

Өкмөт 0


Бишкек, 18.02.24. /Кабар/. Бишкеткеги транспорт көйгөйүн чечүү үчүн №1 бортту сатып алууга каралган каражатка миң автобус сатып алынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаардык мэриясынын коллегиясында билдирди.

"Өкмөттүн учагы жок, ал эми быйыл Ту-154М учагынын пайдалануу мөөнөтү бүтүп жатат. Чет өлкөлөргө иш сапарларга чыгуу үчүн биз 100 млн доллар тапканбыз, бирок борбор калаадагы транспорт көйгөйүн чечели деп ал каражатка 1000 автобус алдык", - деди ал.

Ошондой эле Жапаров бул маселеге мындан ары дагы өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий