• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чукул билдирүү! Аба ырайы сууктап, унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 18.02.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 18-февралда абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23°, түндүгүндө -22…-27°, күндүз -7…-12°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -8…-13°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдонунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -4…-9°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -16…-21°, күндүз -4…-9°, республиканын тоо этектеринде түнкүсүн -19…-24°, күндүз -9…-14°, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -20…-25°, күндүз -11…-16°, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -28…-33°, күндүз -13…-18° суук болушу күтүлөт.

Мындай суук аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Үстүбүздөгү жылдын 18-февралынан 20-февралына чейин түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош автоунаа жолунун 121-138 -чакырымындагы Төө-Ашуу ашуусунда , 198-260-чакырымындагы Ала-Бел ашуусунун Чычкан капчыгайында;

- Суусамыр — Талас — Тараз жолунун 1-14-чакырымындагы Өтмөк ашуусунда, Ала-Бука — Каныш-Кыя автоунаа жолунун 59-113-чакырымындагы Чапчыма ашуусунда;

- Красная Горка —Ак-Таш автоунаа жолунун 0-3 -чакырымы, Мырза-Аке — Кара-Кулжа —Алайкуу автоунаа жолунун 55-115-чакырымында;

- Бишкек — Нарын — Торугарт автоунаа жолунун 292-305-чакырымындагы Долон ашуусу, 353-357-чакырымынын Кызыл-Бел ашуусу, Казарман — Ак-Тал — Чат автоунаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымындагы Кара-Коо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси,, Арал — Миң-Куш автоунаа жолунун 1-14 чак.;

- Каракол — Эңилчек автоунаа жолунун 45-50, 74-90 чак. (Чон-Ашуу ашуусу), Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолунун 52-68 чак. (Сөөк ашуусу), Түп-Кеген автоунаа жолунун 51-76-чак.;

- Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык автоунаа жолунун 97-98, 110-136-чак., Ош — Сары-Таш — Эркештам автоунаа жолунун 165-177-чакырымындагы Талдык ашуусу жана Сары-Таш — Эркештам автоунаа жолунун 218-224-чакырымдарында Тоң-Мурун ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий