• 88.68
  • 95
  • 0.95

24-январга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 24-январга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +7...+12, Талас облусунда +6...+11, Ысык-Көл облусунда +1...+6, Нарында 0...-5 градус болушу күтүлөт.

Бишкек шаарында +9...+11 абанын температурасы градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий