• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүнөн мыйзамсыз кыйылган карагайлар табылды

Аймак 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүнөн мыйзамсыз кыйылган карагайлар табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд учурунда милиция кызматкерлери Ак-Суу районунун Кайырма-Арык айылынын 41 жаштагы У.Ж. аттуу тургунунун үйүнөн тилинген 19 даана Тянь-Шань карагайын табышкан. Ал жаранда бак-дарактарды кыюуга уруксат документтери болгон эмес.

Аталган факт Ак-Суу райондук милициясынын электрондук журналына катталып, материалдар Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча региондор аралык башкармалыгына өткөрүп берилди.

Экспертизанын корутундусунун жыйынтыгы боюнча аталган фактыга юридикалык баа берилмекчи.

Пикир

Оставить комментарий