• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бардык саясатчыларды ынтымак столуна олтургузууга даярмын — президент

Президент 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде бардык саясатчыларды ынтымак столуна олтургузууга даяр экендигин айтты.

Жапаров мурдагы президенттерди чогултуунун себеби бирөө эле — ал ынтымакка алып келүү экенин баса белгиледи.

“Бул ынтымак жолугушуу өз жолу менен, мыйзам алдында кимдин жоопкерчилиги болсо, ал өз жолу менен улана бериши керек. Мыйзамдарды, соттун чечимдерин аттап өтмөй жок! Мындан ары деле ынтымак чогулуштарды улай беребиз. Мен бардык саясатчыларды ынтымак столуна олтургузууга даярмын. “Ынтымак бар жерде - ырыс бар” дейт эмеспи элибизде”, - деди өлкө башчы.

Президент депутат Адахан Мадумаров тууралуу сурообузга жооп берип жатып, эл өкүлү менен чай үстүндө олтуруп сүйлөшүшкөнүн айтты.

“Аны деле чакырганбыз. Чакырганда дагы үйгө чакырганбыз. Былтыр жай мезгилинде болчу. Бир дасторкондо олтуруп: “Келиңиз ынтымакташалы. Бир эле Кыргызстаныбыз бар. Жаакташпай бирге иштешели. Биригип Кыргызстанды көтөрөлү”, - дегенбиз. Укмуш тил табышып, кучакташып достошуп жылуу тараганбыз. Бир апта өтүп-өтпөй эле сөзүнө турбай кайра тескери кетсе болобу. “Мейли, өзү билсин” дедик. Башка эмне дейбиз, ага жалдырамак белек”, - деп суроого жооп берди.

Пикир

Оставить комментарий