• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан Өзбекстанга көмүр жеткирет

Экономика 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Кыргызстан Өзбекстанга көмүр жеткирет. Бул туралуу журналисттерге КРнын энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев Ташкентте өткөн кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык кеңешинин 9-жыйынынын жыйынтыгы тууралуу айтып жатып билдирди.

Анын айтымында, өзбек тарап Кыргызстандан көмүр алууга кызыкдарлыгын билдирди.

«Биз көмүр казуу компанияларыбыздын тизмесин түзүп, алар тууралуу маалымат бердик. Азыр мүмкүнчүлүктөрдү, көлөмүн, жеткирүүнүн логистикасын жана баасын талкуулап жатабыз»,-деди ал.

Турдубаев өзбек тарап жылына 600 миң тонна көмүр импорттоо каалоосун билдиргенин белгиледи.

«Биз аларга 21 көмүр кен байлыгыбыз тууралуу маалымат бердик»,-деди министр.

Мындан тышкары, энергетика жана өнөр жай министри Кыргызстандын мунай кайра иштетүүчү заводдорун жүктөө максатында мунай заттарын жеткирүү маселелери талкуулангандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий