• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков: Өкмөт жаш ишкерлерге жардам берет

Экономика 0

БИШКЕК, 12.08.17. /Кабар/. Өкмөт жаш ишкерлерге жардам берет. Жаш ишкерлердин энергиясы креативдүүлүгү өлкө экономикасын динамикалуу өнүктүрүүгө ишенимин шыктандырат. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Мен Кыргызстанга инвестиция салам» аттуу жаштардын форумунда билдирди.

«Бүгүнкү күндө орто жана чакан бизнестин өлкө экономикасын өнүктүрүүгө кошкон кирешеси ИДП 40% түзөт. Мамлекеттин орто мөөнөткө ишке ашыра турган тапшырмаларынын бири- жеке секторлорду колдоо аркылуу ИДП кошкон кирешени 50% жеткирүү болуп саналат. Аны менен бирге жаш ишкерлер үчүн бизнести өнүктүрүүдөгү бирден-бир тоскоолдуктар бул, жабыдууларды алууга жетишээрлик финансылык каражаттын тартыштыгы. Баса белгилеп айтуу керек азыркы тапта жеңилдетилген насыялардын түрдүү механизмдери иштеп жатат. Алардын катарында Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду бар. Жаш ишкерлер ал жактан 6%-10% чейин жылдык үстөк менен насыяларды алып иштетсе болот. Жакынкы арада кытай тарап менен бирдиктүү фонд түзүү маселеси каралууда. Ал өз ишмердүүлүгүн орто жана чакан бизнести өнүктүрүүгө багыттайт», – деди Сооронбай Жээнбеков.

«Мен Кыргызстанга инвестиция салам» формунун расмий ачылыш салтанатынан кийин, Кыргызстандын ар кайсы аймактарында азыркы тапта ийгиликтүү иштеп жаткан долбоорлор көрсөтүлдү.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу катышууга даяр жаштарды колдоо үчүн аянтчанын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Кыргыз Республикасында көмүр же баалуу металлдардын бай запасы жок. Биздин негизги баалуулугубуз- бул эл. Дал ушул себептен улам, мамлекет билим берүү системасына өзгөчө көңүл буруп, жыл сайын каржылоо булагын кеңейтүүдө. Бүгүнкү форумга азыркы тапта ийгиликке жетишкен көп жаштар катышууда. Баарынан маанилүүсү силер көптөгөн бийиктиктерди багындырып, өсүү жолуна түшкөнүңөр. Мен ишенем, жылдар өткөн сайын силер бизнесте жакшы тажрыйба топтоп, кийинки жаш ишкерлерге жардам көрсөтүүгө даяр болосуңар. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан биз дайыма силер менен ачык сүйлөшүүлөргө даярбыз, жана колдоо көрсөтүүгө кызыкдарбыз», – деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Андан соң Өкмөт башчы «Мен Кыргызстанга инвестиция салам» форумунун катышуучулары менен суроо-жооп иретинде баарлашып, аягында алар менен эстеликке сүрөткө түштү.

Пикир

Оставить комментарий