• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан чет өлкөлөрдөн канча электр энергиясын импорттоодо?

Экономика 0

Бишкек, 13.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстан чет өлкөлөрдөн канча электр энергиясын импорттоп жатканын айтты.

Анын айтымында, 2022-жылдын тогуз ай ичинде Кыргызстанда 9,3 млрд кВт саат электр энергиясы өндүрүлдү.

“Электр энергиясын импорттоо боюнча айтсам, Түркмөнстан менен эки келишим түзүлгөн. Биринчисинде, 1,5 млрд кВт саат, экинчисинде 1,3 млрд кВт саат электр жарыгын Өзбекстан аркылуу өлкөгө алып келүү. Баары план боюнча жүрүп жатат. 1,5 млрд кВт сааттын 725 млн 400 миңи, 1,3 млрд кВт сааттын 1,1 млрдды Кыргызстанга келди. Жылдын аягына чейин келишим аткарылат деп ишендирип кетейин”, - дейт ал.

Ибраев кошумчалагандай, Казакстандан 2022-жылдын март-декабрь айына чейин 450 млн кВт саат электр жарыгын сатып алуу келишими түзүлгөн.

“Анын 241 млн 600 миңи кабыл алынды. 2023-жылдын биринчи кварталына (январь, февраль, март) 600 млн кВт саат электр энергияны импорттоо боюнча келишим түзүүнүн алдында турабыз”, - деди ал.

Ибраев энергетика тармагындагы күз-кышка даярдык азыркы күндө 95 пайызга бүттү, ал эми 1-ноябрда даярдык 100 пайызга бүтөрүн ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий