• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР Соода-өнөр жай палатасы баткендик ишкерлер менен кызматташууну күчөтөт

Экономика 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. КР Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) Баткен облусу боюнча өкүлү Данияр Абдуллаев Кызыл-Кыя шаарынын прокуратурасынын жана салык кызматынын өкүлдөрү менен эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо максатында жолугушуу уюштурду. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү уюм тууралуу кеңири маалымат берип, ишкерликти колдоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

"Жакынкы арада бизнестин, мамлекеттик органдардын жана Соода-өнөр жай палатасынын кеңири жыйыны өтөт", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, палатанын Баткен өкүлчүлүгүнүн директору Кызыл-Кыя шаарынын акими Асылбек Маткалыков жана шаардык кеңештин төрагасы Жыргалбек Калматов менен Соода-өнөр жай палатасынын кызматташуусун бекемдөө максатында жолугушууларды өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий