• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

МСК алты айда 2-3 эсе өсүү ыргагы менен салыктын негизги түрлөрү боюнча жыйноону камсыз кылды

Экономика 0

Бишкек, 20.07.23. /Кабар/. Салык кызматы 2023-жылдын 6 айында 200–300 пайызга чейин өсүү ыргагы менен салыктын негизги түрлөрү боюнча жыйноону камсыз кылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин отурумунда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов 2023-жылдын 1-жарым жылдыгында ведомствонун ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчет берип жатып билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылдын 6 айында 84,5 млрд сом салык жыйналган. Белгиленген план 100 %га аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,8 млрд сомго көп же өсүү ыргагы 114,7 %ды түздү.

Салыктардын ай сайын жыйнала турган суммасын көбөйтүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Мисалы, 2021-жылдын январында 6,5 млрд сом салык жыйналса, 2022-жылдын октябрында 13,5 млрд сомду, 2023-жылдын майында 16 млрд сомду түзгөн.

Ушул жылдын октябрь айында салык жыйноону 18 млрд сомго жеткирүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ал эми 2024-жылы ай сайын жыйналган салыктын суммасын 20 млрд сомго чейин көбөйтүү пландалууда.

А.Абдуваповдун айтымында, ведомство салыктык башкарууну жакшыртуу, экономика тармактарын талдоо, бизнести көмүскөдөн чыгаруу жана салык жол-жоболорун санариптештирүү аркылуу салык жыйноонун олуттуу өсүшүнө жетише алды. Салык жол-жоболорун өркүндөтүү, контролдоону оптималдаштыруу жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлдү.

Ошондой эле, Салык кызматы экономиканын ар кандай тармактарына системалуу талдоо жана мониторинг жүргүзгөн, бул ишкерлер тарабынан салыктарды төлөбөө тобокелдигинин факторлорун аныктоого жана бизнести көмүскөдөн чыгарууга мүмкүндүк берген. Белгилей кетсек, бул жааттагы алгылыктуу иштер укук коргоо органдарынын, анын ичинде УКМКнын жардамы менен ишке ашырылган.

"Контролдук-кассалык машиналар, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар, электрондук эсеп-фактуралар сыяктуу санариптик чечимдерди киргизүү салык жыйноону жакшыртууда маанилүү ролду ойноду", - деп белгиледи МСКнын башчысы.

Пикир

Оставить комментарий