• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 6 айда алтын казган компаниялар салык түрүндө 14,7 млрд сом төлөштү

Экономика 0

Бишкек, 25.07.23. /Кабар/. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 6 айында алтын өндүрүүчү компаниялардан 14,7 млрд сом салык түрүндө төлөндү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин коллегиясында белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, 2010-жылдан 2023-жылга чейин республикалык бюджеттин эсебине тоо-кен тармагынан салык түрүндө 197,4 млрд сом которулган.

Ал эми 2023-жылдын 6 айында 16,8 млрд сом салык түшсө, анын 14,7 млрд сомун алтын казуучу компаниялар төлөгөн.

Пикир

Оставить комментарий