• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында 100 орундуу бала бакчанын курулушу дээрлик аяктап калды

Аймак 0

Бишкек, 25.07.23. /Кабар/. Ош шаарындагы "Амир-Тимур" муниципалдык аймактык башкармалыгында жаңы бала бакчанын курулушу дээрлик аяктап калды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн шаар мэри Бакытбек Жетигенов 100 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу менен жеринен таанышты.

Белгиленгендей, курулуш иши 90 пайызга бүтүп калган. Учурда бала бакчанын аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, имараттын сыртын сырдоо, чарбалык курулуштарды уюштуруу боюнча ар тараптуу жумуштар жүргүзүлүүдө.

Бала бакчанын курулушу толугу менен август айынын башында аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий