• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эмгек министрлиги: Жыл башынан бери турмуштук оор кырдаалда турган балдардын саны азайды

Коом 0

Бишкек, 20.07.23. /Кабар/. Кыргызстанда 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында турмуштук оор кырдаалда турган 3 миң 356 бала аныкталган. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева билдирди.

"Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар ата-энеси аларды багуудан жана тарбиялоодон качкан балдар, иштеген балдар жана эмгектин эң оор түрлөрүнө тартылган, кароосуз калган, мыйзамга карама-каршы келген, зомбулукка кабылган балдар. Ар бир аныкталган бала үчүн жекече кам көрүү планы түзүлөт.

Аныкталган балдардын жарымынан көбү мындай жардамды алышкан, биз аларды турмуштук оор абалдан чыгара алдык. Калган балдар боюнча иш улантылууда. Бир жарым миңден ашык бала үй – бүлөлүк чөйрөнүн ар кандай формалары-камкордук, асырап алуу, фостердик үй-бүлөлөр менен камтылган.

Жыл башынан бери багып алган (фостердик) үй-бүлөлөрдүн саны 21,2% га өстү. Бүгүнкү күндө 97 фостердик үй - бүлөдө 188 бала тарбияланууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий