• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан БУУда Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгынын глобалдык планын көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 20.07.23. /Кабар/. Кыргызстан БУУнун Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында 2023-2027-жылдарга тоолорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруунун глобалдык планын жарыялады. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Презентациянын жүрүшүндө тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев баштаган Кыргызстандын делегациясы бардык өлкөлөрдү тоо күн тартибин илгерилетүү боюнча биргелешкен конкреттүү чараларды көрүүгө, анын ичинде тоо экосистемаларын коргоо үчүн каржылык ресурстарды бөлүүгө чакырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Малави, Непал, Өзбекстан, Италия, Андорра, Перу, Кытайдын делегация башчылары, ошондой эле БУУнун өнүктүрүү программасынын, Европадагы кызматташтык жана коопсуздук уюмунун, Дүйнөлүк метеорология уюмунун, Ага Хан Хабитат агенттигинин жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

Иш-чарага 60тан ашык мүчө мамлекеттер, анын ичинде Тоолуу өлкөлөрдүн достору тобунун мүчөлөрү катышты.

Өз сөзүндө БУУга мүчө мамлекеттер Кыргызстанга эл аралык айдыңда тоо күн тартибин илгерилетүүдөгү алдыңкы ролун, ошондой эле тоолуу өлкөлөрдүн экосистемасын сактоого жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө салым кошкон глобалдык иш-аракеттер планы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Тоо шериктештигинин катчылыгы менен биргеликте даярдалган Глобалдык иш-аракеттер планы климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана тоолуу аймактарда айлана-чөйрөнү коргоо, тоолуу өлкөлөрдө инфраструктураны өнүктүрүү жана тоолуу коомчулуктардын жашоосун жакшыртуу боюнча чечимдерди камтыйт.

Маалымат үчүн: Кыргызстандын демилгеси менен 2022-жыл БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы деп жарыяланган. 2022-жылдын декабрь айында БУУнун резолюциясы кабыл алынып, 2023-2027-жылдар “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий