• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түштүк Чоң Чүй каналы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушуна тендер жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы кайрадан Түштүк Чоң Чүй каналы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушуна тендер жарыялады. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көпүрөнүн узундугу 18 метр, жолдун туурасы 11 метр, жөө адамдар өтүүчү аймак эки тараптан 3 метрден болушу керек.

Долбоордун наркы 23 миллион сомду түздү. Арыздар 13-ноябрь күнү саат 16:55ке чейин кабыл алынат.

Эскерте кетсек, мурунку тендер сатып алуу процессинин бузулушунан улам жараксыз деп табылган.

Көпүрө Жукеев-Пудовкин көчөсүн түштүк багытка карай узартуу долбоорунун алкагында курулат. Жол алты тилкелүү, туурасы 24 метр болуп, жолду бөлө турган белгилер түшүрүлөт жана шагылдуу-мастикалык асфальт бетон төшөлөт.

Пикир

Оставить комментарий