• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президенттикке талапкерлер бардык документтерди 7-декабрга чейин тапшырышы керек – БШК

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Кыргызстандын президенттигине талапкерлер бардык документтерди 6-декабрь күнү саат 00:00гө чейин тапшырышы керек. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Бекматов мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жаткандыктан, убакыт дагы кыскартылганын белгиледи.

"Талапкерди көрсөтүүнүн эки жолу бар: жаран өзү талапкерлигин көрсөтөт же партия", - дейт ал.

Бекматов маалымдагандай, шайлоо күнү аныкталгандан кийинки күнү талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү башталат.

"Азыркы кырдаалда талапкерлерди көрсөтүү 15-ноябрга (14-ноябрдын саат 00:00гө) чейин уланат. Бардык документтерди 7-декабрга чейин тапшыруу кажет. Шайлоо күрөөсү 1 млн сом, аны 4-декабрга чейин берүү керек. Президенттикке талапкерлерди каттоонун акыры күнү 14-декабрда саат 00:00дө аяктайт. Ошондой эле талапкерлер 30 миңден ашык, 60 миңден көп эмес добуш топтошу керектелет. Ал эми 15-декабрда үгүт иштери башталат", - деди төрайымдын орун басары.

Бекматов №2 форма (шайлоо дарегин алмаштыруу) жоюлганын эске салды.

"Эми жарандар катталган шайлоо тилкесинен гана добуш бере алат. Бирок БШКнын мүчөлөрү, байкоочулар белгилүү бир шайлоо тилкелерине бөлүштүрүлгөндүктөн жана коомдук коопсуздукту камсыз кылган укук коргоо органдарына уруксат берилет. Чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктарга №2 форманы колдонууга болот", - деп билдирди ал.

БШКдан кошумчалашкандай, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн учурдан баштап ишмердүүлүгүн токтотушу керек.

Президенттикке талапкерлигин азырынча эч ким көрсөтө элек.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоого катыша турган жарандарга талаптар: Кыргызстандын жараны болушу керек, кош жарандуулугу болбошу шарт, соттолбогон, жашы 35тен жогору 70тен төмөн болуу.

Эскерте кетсек, кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында болот. Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын 15-октябрында мөөнөтүнөн мурда өлкөнүн президентинин кызматынан кеткен.

Пикир

Оставить комментарий