• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нур-Султанда КР элчилигиндеги шайлоо тилкесинде добуш берүү башталды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоого байланыштуу бүгүн, 2021-жылдын 28-ноябрында Нур-Султан шаарында жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:00дө Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы элчилигинин алдындагы №9028 шайлоо участогу ачылды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шайлоо участкасында мурда жалпы элдик добуш берүүгө катышуучулардын тизмесине киргизилген Кыргыз Республикасынын жарандары добуш бере алат.

Шайлоо участкасында биринчилерден болуп Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Д.Дюшекеев жана элчиликтин башка кызматкерлери добуш беришти.

Учурда уланып жаткан COVID-19 пандемиясына байланыштуу добуш берүү бардык зарыл болгон санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен өткөрүлүүдө.

Шайлоо участкасы жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 20:00гө чейин иштейт.

Пикир

Оставить комментарий