• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Жеңиш майрамынан кийин 26 куб таштанды чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 10-май /Кабар/. Бишкекте Жеңиш майрамынан кийин “Тазалык” ишканасынын жумушчулары Жеңиш аянтынан 8 куб таштанды чыгарышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, майрамды белгилөө борбордук “Ала-Тоо” аянтында да өтүп, мындан шаардык тазалык кызматынын жумушчулары 18 метр куб таштанды чыгарышкан. Жалпысынан муниципалдык кызмат 26 метр куб таштанды чыгарган.

“Майрамга карабастан, шаардык кызматтын кызматкерлери эки смен менен иштешти. Тазалоо иштери 14:00дө башталып, түнкү 02:00ге чейин улантылды. Ага “Тазалык” МИнин 60 жумушчусу чыккан. Ошондой эле, 13 атайын техника иштеди”, - деп билдиришти мэриядан.

Учурда Бишкек шаары боюнча “Тазалыктын” жана борбордук жергиликтүү аймактык башкармалыктарынын жумушчулары иштеп жатышат.

Эскерте кетсек, шаардыктар таштандылар тууралуу маалыматтарды сүрөттөрү менен төмөнкү телефон номерлерге WhatsApp колдонмосу аркылуу жөнөтө алышат:

- Карынбаев Аскат Асан­алиевич (Ленин району) — ‪0557 997 927­;
- Акматбаев Таалайбек ­Таберикович (Октябрь району) — ‪0554 95­5 509;
- Шарапов Руслан Эсенб­екович (Биринчи Май ­район) — ‪0558 336 64­0;
- Матмусаев Марат Мама­нович (Свердлов району) — ‪0555 447 154­.

Ошондой эле, 185, 1840 жана 0554 -182-185 номерлерине күнү-түнү байланышып билдирүү калтырууга болот.

Пикир

Оставить комментарий