• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Борбордо 9-майда коомдук коопсуздукту 3 миңден ашуун милиция кызматкерлери көзөмөлдөдү

Коом 0

Бишкек, 10-май /Кабар/. Кечээ, 9-май Улуу Жеңиштин 72 жылдык майрамына карата борбордо өткөрүлгөн майрамдык иш чараларда коомдук коопсуздукту 3 миңден ашуун милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, Бишкек шаарында Ю.Абдымомунов жана А.Масалиев көчөлөрдүн кесилишинен баштап “Өлбөс полк” аттуу акциясынын катышуучулары эски аянтындагы өчпөс оттко чейин жөө жүрүшүн, “Ак-Кула” ат майданында “Көк-Бөрү” оюнун жана борбор калаанын көчөлөрүндө өткөн майрамдык иш-чараларды 3 миңден ашуун милиция кызматкерлери жана кошо берилген күчтөр көзөмөлгө алышты.

“Коомдук тартипти, элдин коопсуздугун жана кылмыш болтурбоону камсыздоонун натыйжасында бир да кылмыш, бир да мушташ катталган жок”,- деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий