• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте мектептердеги тамак-ашты жакшыртуу долбоору талкууланды

Коом 0

Бишкек, 21.07.23. /Кабар/. 2023-жылдын 19-июлунда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) Кыргызстандагы өкүлдөрү менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, тараптар жергиликтүү айыл чарба продукциясын колдонуу менен мектеп тамак-ашын жакшыртуу жана климаттык оптималдаштырылган өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорду талкуулашты.

Долбоорду ишке ашыруу 2025-жылы КР Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан жактырылып, Корея Эл Аралык кызматташтык агенттигинин кароосуна берилгенден кийин башталат.

Белгилей кетсек, "Жергиликтүү фермерлердин продукциясын пайдалануу менен мектеп тамак-ашын уюштуруу" долбоорунун пландалган бюджети 12 млн долларды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий