• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баасы $9 миң. "Кыргызкөмүр" ишканасы жардыруучу заттарды ташый турган техникалуу болду

Коом 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. "Кыргызкөмүр" ишканасы жардыруучу заттарды ташый турган техникалуу болду, - деп билдирет аталган ишкананын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Кара-Кече көмүр кени үчүн сатып алынган жардыруучу заттарды ташый турган "ЗИЛ" үлгүсүндөгү техникасы тендер аркылуу алынды.

"Россиядан өндүрүштөн чыккан. Баасы 9 миң АКШ долларын түздү. Мындан тышкары, кошумча жардыруу иштерине пайдалануу үчүн техника сатып алынып, жакын арада чет өлкөдөн Кыргызстанга жеткирилет", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, буга чейин "Кыргызкөмүр" МИсы жардыруу иштерин кылуу үчүн атайын лицензиясы бар компанияларды жалдап жүргөн.

"Акыркы эки жыл ичинде ишкананын атайын адистери да жардыруу иштерине катышып үйрөнүп жатышты. Азыр биздин адистер да даяр болушту. Мындан ары жеке техникалар менен жардыруу иштерин "Кыргызкөмүр" өзү жүргүзүп турат. Бул ишкана үчүн өтө чоң пайдага ээ. Экскаватор өңдүү оор техникалар узак убакытка иштеп берет", - деп кошумчалашты ишкананын басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий