• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Германиянын лидери Садыр Жапаровду КР президенти кызматына шайланышы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Германия Федеративдүү Республикасынын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

«Сиз президенттик кызматка кыйын мезгилде келип жатасыз. Кыргызстандагы коронавирус пандемиясына байланыштуу оор жүк менен катар демократия жаңы чакырыктарга кабылып жатат.

Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук байланыштар дээрлик 30 жылдан бери келатат. Германия Кыргызстандын көп жылдан берки өнөктөшү катары биздин тыгыз жана ишенимге негизделген өнөктөштүгүбүз мындан ары да уланат деп бекем ишенет. Биз мындан ары да Сиздин өлкөңүздү демокаратияны алга жылдыруу, мыйзам үстөмдүгү жана коомдун бардык катмарын камтыган туруктуу өнүгүү жолунда колдоого алабыз.

Сизге албан-албан ийгиликтерди жана президенттик кызматыңыздагы маанилүү милдеттердин жеңил чечилишин каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий