• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Ала-Тоо аянтына жакын жерде ири жол кырсыгы катталды (видео)

Коом 0


Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Киев-Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде 5-6 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу агенттикке Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Ведомствонун маалыматы боюнча, кырсык бүгүн, 17-мартта болжол менен саат 15:10дордо болгон.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, маршрутка менен жеңил машина кагышып, андан кийин алар обочодо токтоп турган башка унааларды сүзүшкөн.

Кырсыктын натыйжасында эч ким жабыркаган жок. Кырсыкка катышкан бардык унаалар айып жайына токтотулду. Азыркы учурда кырсыктын себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий