• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Кыргыз эл биримдиги» коому: Баткен эли жалгыз эмес

Коом 0


Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 1-майда Бишкек шаарында «Кыргыз эл биримдик» коому жыйын өткөрүп, кыргыз-тажик чек арасында болгон чырды талкуулашты. Жыйындын катышуучулары аталган коомдун атынан Баткен облусунун элине жардам чогултулуп жаткандыгын маалымдашты.

Жыйынга катышкан «Кыргыз жолу» коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев учурдан пайдаланып өлкө жетекчилигине, дүйнө коомчулугуна жана Кыргызстан менен Тажикстандын элине кайрылуу жасады.

«Кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышууну башка тилдерге которуп жазып жатканда бурмалабай чагылдыруу керек. Маалыматтык согушта утулуп калбай, болуп жаткан окуяны башка тилдерге да которуп чагылдырып туралы», - деди ал.

Жалпы жыйынга катышкандар чек ара чырынан курман болгондордун жакындарына көңүл айтышып, жалпы кыргыз элине сабыр каалашты.

Пикир

Оставить комментарий